Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Футбол: Кыргызстан Иорданияга утулуп калды


Кыргызстан менен Иорданиянын курама командаларынын беттеши. Кувейт. 24-март, 2019-жыл.
Кыргызстан менен Иорданиянын курама командаларынын беттеши. Кувейт. 24-март, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия чемпионатынын тандоо турунун экинчи беттешинде Иорданиянын курама командасына жеңилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлады.

24-мартта Кувейтте «Е» тайпасынын экинчи оюндары өтүп, анда Кыргызстан Иорданияга 0:3 эсебинде утулду.

Буга чейин 22-мартта Сириянын командасы Кыргызстандын футболчуларын 2:0 эсебинде жеңип алган. Эки оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатынын финалдык баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

26-март күнү тайпалык тандоо оюндарынын акыркы беттешинде Кыргызстан менен Кувейттин футболчулары беттешет. Кувейттиктер да буга чейин болгон эки оюнда тең жеңилип калган.

Азия чемпионатынын финалдык бөлүгү 2020-жылы январь айында Таиландда өтөт. (GT)

XS
SM
MD
LG