Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Бишкек - Кара-Балта жолунун сапатын көзөмөлдөөчү жумушчу комиссия түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Комиссиянын курамына Транспорт жана жол министрлигинин, ИИМдин, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Архитектура жана курулуш агенттигинин өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн кызматкерлер жана Москва, Сокулук, Жайыл райондорунун акимдери киришти. Комиссияны транспорт жана жол министринин орун басары Бакыт Бердалиев жетектейт.​

Жумушчу комиссия 25-март күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышууга барган учурда түзүлдү.

Биринчи вице-премьер-министр Сокулук жана Ак-Суу дарыялары аркылуу өтүүчү көпүрөлөрдүн курулушу менен таанышып, Жайыл районунун Полтавка жана Новониколаевка айылдарынын тушундагы жолдун, жөө адамдар үчүн жер алдындагы өткөөлдөрдүн курулушунан да кабар алды.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун берген маалыматы боюнча, Бишкек - Кара-Балта жолунун 4-фазасында эки кабаттуу асфальт төшөлөт, көпүрөлөр оңдолот. Трассаны бойлой тротуарлар курулат. Алты түшмөк курулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн төрт өткөөл жаңыланат.

Бүгүнкү күнгө чейин асфальттын биринчи кабаты дээрлик алты чакырымга жакын жолго төшөлгөн. Жыл аягына чейин жалпы 20,32 чакырым жолдун баарына асфальт төшөлүп бүтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG