Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 21:54

Азиздердин китепканаларын толуктоо маселеси талкууланат


Брайль шрифти менен басылган китеп. Иллюстрациялык сүрөт.

26-мартта Бишкекте өтө турган тегерек үстөлдө Кыргызстан 2017-жылы кошулган Маракеш келишиминин аткарылышы боюнча сөз болот.

Келишимге ылайык, өлкө азиздерди жана көрүүсү начар адамдарды чыгармалар, басылмалар менен камсыз кылуу милдетин алган. Бүгүнкү иш-чарада Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргызстандагы китепканалар ассоциациясы китептердин авторлору менен чогуу көрүүсү начар адамдардын китеп окуганына мүмкүнчүлүк түзүү шарттарын талкуулашмакчы.

Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан “Кыргызпатент” ишканасынын маалымат катчысы Ырыс Турсуналиева “Азаттыкка” билдирди:

- Кыргызстандык жазуучулардын жүздөй гана чыгармасы көрүүсү начар адамдар үчүн атайын шрифт менен басылып чыккан. Биз бул чыгармалардын санын көбөйтүү үчүн алардын макулдугун алалы деп, атайын авторлорду да чакырдык.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Маракеш келишимине алгачкы болуп кол койгон.

Кыргызстанда азиз жана көрүүсү начар адамдар үчүн ыңгайлаштырылган саналуу гана китепкана бар. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG