Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Коррупциялык иштерден 13 млн. сомдой каражат өндүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 12 968 798 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Финполиция өндүргөн каражаттын жалпы суммасы 496 892 988 сомду түздү.

Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча 1 миллиард 52 миллион сом болгонун февралда кабарлаган.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, УКМКга жана ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. Бийлик мындай жол менен коррупция менен күрөштө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу мүмкүн болот деп эсептейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG