Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Июлдан тарта балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча тиркеме берүү токтойт


Кыргызстандын жалпы жарандык (чет элдик паспорт) паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык (чет элдик паспорт) паспорту.

2019-жылдын 1-июлунан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө тиркелчү Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган документти (вкладыш) берүүнү токтотот. Аталган мекемеден кабарлашкандай, мындай чечим балдарды чет жакка мыйзамсыз ташууну алдын алуу максатында кабыл алынды.

Балдарды чет жакка алып чыгууда эми алардын баарына милдеттүү түрдө жалпы жарандык паспорт (чет элдик паспорт) алуу талап кылат. Мурдараак берилген тиркемелер алардын мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болуп саналат.

Тиркеме буга чейин 16 жашка чыга элек балдарга алардын күбөлүгүнө кошумча документ катары берилчү. Ал балага Казакстандын жана Орусиянын аймагына кирип чыгууда ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү менен кошо чыгууга укук берчү. (ErN)

XS
SM
MD
LG