Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Улуттук банк арзан ипотека сунуштаган кооперативдерден этият болууга чакырды


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы ыңгайлуу шартта үй сатып алууну сунуштаган коммерциялык эмес кооперативдердин соңку мезгилдерде активдешип баратканын кабарлап, жарандарды аларга кайрылууда этият болууга чакырды.

Мекеме тараткан билдирүүдө кооперативдер ишмердүүлүгүн атайын мүлк сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок калктын бөлүгүнө багыттап жатканы айтылат. Алар жарандарды үйдүн наркынын 20-30% каражатын төмөн пайыздык, кээ бир учурда нөлдүк ставка менен салым кылууну сунуштап жатканы баяндалган.

“Коммерциялык эмес кооперативдер өздөрүнүн кызматын тиричилик насыясына жана ипотекалык насыяга альтернатива катары сунуштап жатышат, бирок алардын жарандардан салымды кабыл алуу үчүн банктык операцияларды жүргүзүүгө эч кандай уруксат документтери жок. Бул кооперативдердин финансылык пирамидага окшоштугунан кабар берип турат”, - деп жазылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Дүйнөлүк практикада автоунаа, батир же жер тилкелерин сатып алуу үчүн анын суммасынын 5-30% чейин акча кошууну сунуштап, калган сумманы жаңы кардарлардын эсебинен жапкан финансылык пирамидалардын эң көп жайылган түрү болуп саналат. Анда көбүнчө алынган мүлк каражат салган кишинин өзүнө эмес, кооперативге катталат.

Улуттук банк жарандарды мындай кооперативдерге акча салууда абай мамиле жасоону, алардын ишмердүүлүк жүргүзүүчү документтерин тактап алууга үгүттөйт.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын эсебине ылайык, ушул тапта 240-250 миңдей кыргызстандык менчик үйгө муктаж.

БУУнун стандарттарына ылайык, ар бир жаран 30 чарчы метр үйгө ээ болушу керек, Кыргызстанда бул көрсөткүч бир адамга 13 чарчы метрди түзөт. Өлкөдө жалпы 1,3 даана турак жай бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG