Кызыл-Кыядан келген тургундар “Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” компаниясы 150дөй жумушчуга бир жылдан бери маянасын төлөбөй жатканын айтып Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Алардын бири Зыпар Султаналиев фирма жеке өзүнө 400 миң сом карыз экенин билдирди:
- Биз Бишкекке экинчи жолу келип жатабыз. Ар бир келип кеткенибизге эле 10 миң сом кетет. Техникаларыбызды ижарага бергенбиз. Биздин эмгек акыбызды ала албай жатканыбызды эч ким териштирбей жатат. Дагы ушинтип кыймылдашпаса элди чогултуп жол тосууга туура келет. “Путин келет” деп жатат же ошого арызданабызбы? Анткени маселени өзүбүздүн журт башчылар чечпей жатат,-деди.
“Азаттыктын” кабарчылары “Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” компаниясына байланышкан учурда маселе боюнча комментарий кийинчерээк берилерин убада кылышты.
Транспорт жана жол министрлигине караштуу Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун регионалдык инженери Жетимиш Дүйшембиев министрлик Ош-Баткен-Исфана жолун куруу боюнча “Алке Иншаат Санайи ве Тижарет” аттуу түрк компаниясы менен келишим түзгөнүн айтып, анын жалданма фирмаларына кийлигише албай турганын айтты.
“Алке Иншаат Санайи ве Тижарет” фирмасынын өкүлү Рашад Гамбаров “Чакыр Япы Санайи ве Тижарет” компаниясы менен эч кандай алакасы жок экенин айтууда.
Маянасын ала албай жаткан курулушчулар иштеген Ош-Баткен-Исфана жолунун 33 чакырымынын курулушу 2018-жылы бүтүшү керек болчу. Учурда жолдун 20 пайызы гана бүткөнү айтылууда. Жумушчулар Бишкекте экинчи жолу басма сөз жыйынын өткөрүүдө. (AlS\ErN)