Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Грузия: америкалык үй-бүлөнүн өлүмүнө шектүүгө сот өкүмү чыгат


Лора, Райан Смит жана алардын уулу.
Лора, Райан Смит жана алардын уулу.

Грузиянын Гори шаардык соту шейшембиде жергиликтүү чабан, 19 жаштагы Малхаз Кобаурини америкалык үй-бүлөнүн өлүмүнө күнөөлүү деп тапты. 27-мартта Гори шаардык соту ага өкүмүн угузат.

Кобаури 43 жаштагы Лора Смитти зордуктаган, күйөөсү Райан Смит, уулу Калеб менен кошо өлтүргөн деп шектелип, 2018-жылдын июлунда кармалган.

Америка-грузин тектүү Смиттердин үй-бүлөсү акыркы алты жылда Марнеули шаарында жашап турган. Алар грузин жарандыгына ээ болушкан. Былтыр июлда тоого эки күндүк эс алууга кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан. Кийинчерээк алардын киши колдуу болгон сөөгү табылган.

XS
SM
MD
LG