Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараянын мурдагыдай өкмөт эмес, британ парламенти убактылуу көзөмөлдөйт. Мындай сунушту британ депутаттары дүйшөмбүнүн кечиндеги добуш берүүдө колдошту. Ага 329 эл өкүлү "макул", 302си "каршы" добуш беришти.
Эми парламент премьер-министр Тереза Мэйдин Брекзит келишимине альтернатива боло турган чечимдерди издейт. Ошондой эле Британиянын Евробиримдиктен чыгуу жараяны боюнча кайсы маселе парламенттин кароосуна коюлаарын мурдагыдай өкмөт эмес, депутаттар өздөрү чечишет.
Британ парламенти мындай адаттан тыш кадамга Мэйдин келишимин эки жолу четке каккандан кийин барды. Альтернатива катары Евробиримдиктен келишимсиз чыгуу, "жумшак Брекзит" же экинчи референдум өткөрүү сунуштары талкууланууда.
Мэй бул жараянга "конструктивдүү маанайда катышууга" убада берип, бирок британ парламентине тизгинди толук карматпай турганын айтты. Евробиримдик британ өкмөтүнө Брекзит маселеси боюнча бир чечимге келүү үчүн 12-апрелге чейин убакыт берген.