Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Ингушетияда бийликке каршылар нааразылык акцияга чыгышты


Ингушетиядагы митингдин катышуучулары. 26-март, 2019-жыл.
Ингушетиядагы митингдин катышуучулары. 26-март, 2019-жыл.

26-мартта Орусияга караштуу Ингушетия республикасынын борбору Магастагы акцияга миңдеген киши чыкканын уюштуруучулар билдиришти.

Митинг Чеченстан менен Ингушетиянын чек арасы боюнча талаш-тартыш чыккандан кийин уюштурулду.

Шаарда полиция кызматкерлери көбөйтүлүп, митинг өтүп жаткан жерде темир тосмолор орнотулганы кабарланды.

Катышуучулар республика президенти Юнус-Бек Евкуровго ишеним көрсөтпөй турганын айтып, анын кызматтан кетишин талап кылышты.

20-мартта президент республиканын чек арасын, аталышын референдумсуз эле өзгөртүүгө жол берген мыйзам долбоорун Элдик жыйындан чакыртып алган. Бир күн мурда документ парламентте биринчи окуудан өткөн.

Депутаттар аны 28-мартта экинчи окууда талкуулаганы жаткан.

XS
SM
MD
LG