Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Грузия киши өлтүрүүгө айыпталган британ жаранын экстрадициялайт


Жек Шеферд. 26-март, 2019-жыл. Тбилисидеги сотто.
Жек Шеферд. 26-март, 2019-жыл. Тбилисидеги сотто.

Британияда киши өлтүрүүгө айыпталган Жек Шефердди мекенине экстрадициялоо тууралуу чечимди 26-мартта Тбилиси шаардык соту чыгарды.

Шеферд Грузияга 2018-жылы келип, Тбилисиде бир жыл жашаган. Британ соту аны капыстан киши өлтүрүп алган деген негизде күнөөлүү деп таап, сырттан алты жылга эркинен ажыраткан. Быйыл январда британ бийлиги ага издөө жарыялагандан кийин Шеферд грузин полициясына өз ыктыяры менен колго түшкөн.

Буга чейин Шеферд Британияга жеңилдетилген тартипте экстрадиция болуудан баш тартып, муну өлгөн кыздын жакындары өч алат деген кооптонуу менен түшүндүргөн.

31 жаштагы Шеферд Британияда "катердеги киши өлтүргүч" катары белгилүү. Ал 24 жаштагы Шарлотта Браундун өлүмүнө айыпталууда. Браун 2015-жылдын 8-декабрында Лондондо Шеферд менен романтикалык кездешүүдө каза болгон.

XS
SM
MD
LG