Социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан билдирүүлөрдө Бишкек мэриясы Кара-Көл көчөсүн ботаникалык бактын эсебинен кеңейтүүнү көздөп жатканы айтылган. Буга байланыштуу активисттер бакты коргоп калуу үчүн кайдыгер эмес шаардыктарды 27-мартта чогулууга үндөп жатышат.
Активисттердин айтымында, борбор калаанын өпкөсү деп эсептелген ботаникалык бакта дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан алып келинип, 50 жылдан ашуун убактан бери өстүрүлүп келаткан өзгөчө дарактар бар. Жол салуу менен бактар кыйылып гана тим болбой, шаардын инфраструктурасы да бузулат.
Активисттер акыркы үч жылдан бери ботаникалык дендрарий бакты сугаруу, тазалоо иштерине шаардык волонтерлор тартылып, ал жакта түрдүү иш-чаралар өтүп келгенин да белгилешкен.
Мындан эки жыл мурун да борбор калаадагы Алиаскар Токтоналиев жана Максим Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бактын четиндеги дарактар жолду кеңейтүү максатында кыйылып, активисттердин каршылыгынан кийин токтогон.
Бишкек шаар мэриясы Горький көчөсү менен кесилишкен Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү боюнча компромисттик чечим кабыл алынарын, 27-мартта кенен маалымат берилерин билдирди.
2018-жылы Кыргызстандын аймагында 3 327 даана ар кандай түрдөгү бак-дарак кыйылганын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги маалымдаган. (ZKo)