Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Жээнбеков: орус тилинин макамы кала берет


Кыргызстан менен Орусиянын окуу жайларынын ректорлорунун форуму, Бишкек. 27-март, 2019-жыл.
Кыргызстан менен Орусиянын окуу жайларынын ректорлорунун форуму, Бишкек. 27-март, 2019-жыл.

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү - келечекке инвестиция" деген аталыштагы Кыргызстан жана Орусиянын ректорлорунун биринчи форуму өтүп жатат.

Форумда президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан билим берүү тармагында бир катар маселелерди Орусия менен биргеликте чечип жатканын айтты.

"Ушул максатта 1992-жылы эле Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн. Учурда Орусиянын жогорку окуу жайларында 15 миңден ашык кыргызстандык окуйт. Ал эми Кыргызстанда Орусиянын бир жарым миңден ашык жараны билим алууда",-деди президент.

Мамлекет башчы мындан сырткары орус тилинин Кыргызстандагы макамы жөнүндө да айтып, ал расмий тил катары кала берерин билдирди.

Форумга эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору, Орусиянын 40 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышууда.

Кыргыз-орус ректорлорунун форумунда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда жети келишимге кол коюлат деп күтүлүүдө. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG