Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Жогорку сот Эрнест Карыбековдун жаза мөөнөтүн кыскартты


Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

Жогорку сот камактагы саясатчы Эрнест Карыбековдун өтүнүчүн карап, жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга түшүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Улан Абдураимов билдирди.

Адвокаттын айтымында, алар соттон жазаны жети жылга чейин кыскартууну өтүнүшкөн. Карыбеков учурда №1 абакта кармалууда.

Абдураимов түшүндүргөндөй, соттун баштапкы чечими чыкканга чейинки камакта жаткан күндөрдү экиден эсептөөнү жана башка жагдайларды эске алганда Эрнест Карыбеков быйыл жыл соңуна чейин камактан чыгышы мүмкүн. Бул жагдай Жогорку соттун чечимин Жаза аткаруу кызматы карап, эсептеп чыккандан кийин так билинет.

Жаңы кодекстердин ишке киргенине байланыштуу камактагы саясатчы Эрнест Карыбеков өзүнүн жаза мөөнөтүн кайра карап чыгууну өтүнүп, 21-февралда Жогорку сотко арыз жазган. Соттук процесс 25-мартта өттү.

Эрнест Карыбеков саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен кошо 2016-жылдын март айында, "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, алар 12-20 жылга чейин камалган. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп таап, жаза мөөнөтүн кыскарткан. Асанов менен Кадыров сегиз жылга, Карыбеков 14 жылга кесилген. Аларга байланышы бар деп кармалган, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Быйыл Жогорку сот Кадыров менен Асановдун жаза мөөнөтүн жаңы мыйзамдарга ылайык карап, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда 12-февралда эркиндикке чыгарган.

1-январдан тарта Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Тартип бузуу жөнүндө кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган. Бул актыларга ылайык камактагы 500дөй адамдын жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн экендиги айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG