Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

«Түндүкэлектр» Бишкекте 8 миң абоненттин жарыгын өчүрөт


Электр карыздын өлчөмүнө карап эмес, аны өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт.
Электр карыздын өлчөмүнө карап эмес, аны өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт.

«Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунун автоматтык системасы электр энергиясына болгон карызын убагында төлөбөгөнү үчүн Бишкек шаарындагы 8 миң абоненттин жарыгын 29-мартта дистанциондук түрдө өчүрөт. Алардын карызы 12,5 миллион сомдон ашып кеткен. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

30-31-март эс алуу күндөрүндө ыңгайсыз абалда калбаш үчүн «Түндүкэлектр» абоненттерди ага чейин карыздарын төлөп алууга чакырат.

Төлөмдөр атайын кассалардан сырткары «Quickpay», «АсИсНур», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк» терминалдарында, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктарында, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк» жана «Кыргызпочтасында» кабыл алынат.

Маалым болгондой, абоненттерге коюлган “акылдуу электр эсептегичтер” аларды алыстан эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер абоненттер карызын “Түндүкэлектр” ишканасына келип же терминалдардан төлөсө аларга электр жарыгы ошол замат автоматтык түрдө берилет.

Мекемеден ырасташкандай, жарык карыздын өлчөмүнө карап эмес, аны өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт. 2017-жылдын октябрь айында 1800 абоненттин жарыгы массалык түрдө өчүрүлгөн.

Бишкек шаарында “Түндүкэлектр” ишканасынын 235 миңден ашуун абоненти бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG