Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Ташиев Москвада Бабанов менен жолугушкан


Экс-депутат Камчыбек Ташиев "Республика - Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен Москвада жолукканын тастыктап, бирок эмнелер тууралуу сүйлөшкөнү боюнча кийин кененирээк маалымат берерин билдирди.

Ташиев "Фейсбуктагы" баракчасына Өмүрбек Бабанов менен чогуу түшкөн сүрөтүн чыгарып, “Бардык жакшылыктар эми башталып жатат, жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

Жергиликтүү chyndyk.kg сайты Ташиев Москвага жеке иштери менен барып, Өмүрбеков Бабанов менен да жолукканын жазды.

Бири-бирине сын пикир айтып жүргөн саясатчылар 2015-жылы парламенттик шайлоого чогуу барышкан. Бирок бул тандем көпкө созулган эмес. 2017-жылы президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановдун Он-Адыр айылында сүйлөгөн сөзүн сындап чыккан.

Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

"Республика - Ата Журт" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен. Адвокаттар ал жакында келет деп ишендирип жатышат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (39)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG