Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

HRW Орусияны Лузинге карата сот чечимин жокко чыгарууга үндөдү


Иван Лузин (солдо) жана анын адвокаты Александр Домбральский.
Иван Лузин (солдо) жана анын адвокаты Александр Домбральский.

"Human Rights Watch" (HRW) уюму Орусияны активист Иван Лузинге карата сот чечимин жокко чыгарууга чакырды.

18 жаштагы Лузин жашы жете электерди уруксат берилбеген акцияларга тартууга тыюу салган мыйзам менен жазаланган биринчи орус жараны.

Уюмдун 27-марттагы билдирүүсүндө активистке чыккан сот чечими жарандардын өз пикирин айтуу, элдик жыйын өткөрүү укуктарын чектей турганы белгиленет.

«Орусия бийлиги тынч жыйындарга тыюу салуунун жаңы ыкмасын тапты. Муну менен келечек муунда демократиялык көз караштын калыптанышына жолтоо болууга аракеттенип жатат», - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рейчел Денбер.

Иван Лузин оппозиционер Алексей Навальныйдын Калининграддагы штабынын волонтеру. 25-мартта сот ага аянтта мыйзамсыз акция өткөргөн деген негизде 30 миң рубль айып пул салган.

XS
SM
MD
LG