Вильнюс округдук соту СССРдин мурдагы коргоо министри Дмитрий Язовду сырттан он жылга эркинен ажыратты. Сот аны адамзатка каршы кылмыштарга күнөөлүү деп тапты.
Литванын Башкы прокуратурасы 94 жаштагы Дмитрий Язов 1990-жылы аскер кызматкерлери жана саясатчылардан турган топ түзүп, бийликти, стратегиялык объектилерди басып алып, Литваны СССРдин курамына кайтарууну максат кылган деп эсептейт.
1991-жылдын 13-январына караган түнү советтик күчтөр Вильнюстун теле мунарасы менен радионун имаратын басып алган. Бул аракет Литва СССРден өз алдынчалыгын жарыялагандан бир жылдан кийин болгон. Окуяда он төрт киши каза тапкан.
Дмитрий Язов Советтер Союзунун коргоо министри болуп 1987-жылы дайындалган. 1990-жылы ага маршал наамы берилип, СССР менен Орусияда мындай чин алган акыркы киши болуп калган.
1991-жыл ал тарыхта ГКЧП деген ат менен калган Совет өлкөсүндөгү мамлекеттик төңкөрүштү уюштургандардын курамына киргенден кийин кызматтан алынып, камалып чыккан.
Сот КГБнын мурдагы офицери Михаил Головатовду да он эки жылга сырттан абакка кести. Литва 67 кишини "Советтик агрессияны ишке ашырган" деп айыптап жатат. Алардын көбү Орусия, Беларус жана Украина жарандары болгондуктан айыптар сырттан тагылган.