Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

ИИМ: 310 миң долларды карактоо боюнча шектүүлөр бар


6-мартта Беш-Күнгөйдө 310 миң долларды карактоо фактысы катталган. Алдын ала тергөө иштерине ылайык, учурда шектүүлөр аныкталды. Азыр алардын аты-жөнүн аныктоо боюнча иликтөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

6-мартта эки белгисиз киши “Субару Форестер” үлгүсүндөгү автоунаа менен келип, “Тойота-Хайлендер” үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп токтоткон. “Субаруда” отурган эки киши “Тойотанын” жүргүнчүлөрүнө курал такап, алардын жанындагы 310 миң долларын тоноп кеткен. “Тойотанын” жүргүнчүлөрү 53 жаштагы киши жана анын 57 жаштагы жубайлар болгон. Жабыр тарткандар ооруканага ар кандай жарааттары менен жеткирилген.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») боюнча тергөөгө алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG