Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте Кытайдын жарандары визаны мыйзамсыз алган фактыны аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Алтын Бугу – Золотой Олень» фирмасы кытайлыктарга Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүүчү электрондук виза алуу үчүн жасалма документтерди бергени аныкталган. Аталган мекеме Социалдык фонддун Өзгөн райондук башкармалыгынан социалдык төлөмдөр төлөнгөндүгү тууралуу жасалма билдирме алып келишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Чогулган материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Тергөө уланууда.
Кыргыз өкмөтү буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянуу менен 2018-жылы Кыргызстанга 35 215 (2017-жылы 41 307) Кытай жараны кирип, кайра 34 436 (2017-жылы 40 690) киши чыгып кеткенин жарыялаган. (ErN)