Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

«Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары митинг үчүн бирикти


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коргоо акциясы. 8-июнь, 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коргоо акциясы. 8-июнь, 2017-жыл.

«Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары 27-мартта бир штабга бирикти. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын активист мүчөсү Калысбек Боронбаев «​Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, бул эки партиядан тышкары штабга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жабыр тарткан башка саясатчылар да кошулган.
«Эки партия 23-апрелде боло турган митингге бирге даярдануу үчүн биргелешкен штаб түздү. Митингде Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Дүйшөнкул Чотоновдун азаттыгын талап кылып, башка саясий туткундардын ишин адилет кароону талап кылып чыгабыз. Бул алдыдагы митингдерге байланыштуу убактылуу биригүү», - деди ал. ​

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто бир күндө, 23-апрелде каралат. Ушундан улам алардын тарапташтары саясатчылардын бошотулушун талап кылып, митингге чыгышарын билдиришти.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген кине менен камакка алынып, сегиз жылга соттолгон. Кийин арыздануучу Леонид Маевский өзү Орусияда ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн камакка алынган.

Ал эми Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG