Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

"Азаттыктын" каарманы "Прецедент" сыйлыгын алды


"Прецедент" сыйлыгынын ээси - Имаш Азарбаев. (оңдо).
"Прецедент" сыйлыгынын ээси - Имаш Азарбаев. (оңдо).

Жети-Өгүз районундагы Чырак айылынын тургуну Имаш Азарбаев айылды өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн жарандык коомдун "Прецедент-2018" сыйлыгын алды.

Сыйлык тапшыруу аземи 27-мартта Бишкекте өттү. Имаш Азарбаев айылда, өзүнүн үй-тиричилик шарттарын экологиялык жактан таза жабдыктар жана күн нурунан кубат алуучу жабдуулар менен түзүп, бул демилгесин жалпы айылга жайылткан. Мындан тышкары ал айылга таза суу чыгарууга жардам берген.

Имаш Азарбаевдин жасаган иштери тууралуу "Азаттыктын" маркум кабарчысы Улан Эгизбаев 2017-жылы октябрда телебаян тартып, жарыялаган.


"Прецедент" сыйлыгы менен кошо айылдык ишкерге ЖИА Бизнес биримдиги тарабынан Чехияга жолдомо берилди.

"Прецедент" сыйлыгы 2016-жылы жарандык активист Нурбек Токтакунов тарабынан негизделген. Аталган сыйлыктын алгачкы номинанты - Гүлнара Журабаева болгон.

2017-жылы бул сыйлыкка майыптыгына карабай, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга бардык шарттары менен мейманкана курган Мирбек Асангариев татыган. (SA/ZKo)

XS
SM
MD
LG