Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Орусия өкмөтүнүн мурдагы мүчөсү Михаил Абызов камакка алынды


Михаил Абызов.
Михаил Абызов.

Орусияда миллиарддаган акча уурдаган деп айыпталган өкмөттүн мурдагы мүчөсү Михаил Абызов камакка алынды. Ал Москванын түндүк-чыгыш административдик округундагы тергөө абагында киши өлтүрүү жана уурдоого шектүүлөр менен бир камерада кармалат.

Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко билдиргендей, Абызов жана анын шериктери боюнча иликтөө уланууда.

"Тергөөнүн маалыматы боюнча Абызов бир катар офшордук компанияларга ээлик кылган, кылмыштуу топту түзгөн жана аны жетектеген. Шериктери менен бирге Сибир энергетика компаниясы менен Аймактык электр ишканасынан 4 миллиард рубл уурдаган. Ал акча Абызовдун офшордук компаниясына, чет өлкөгө толугу менен которулган",-деди Петренко.

2012-2018-жылдары ачык өкмөт иштери боюнча министр болуп иштеген Михаил Абызов орус премьери Дмитрий Медведевдин өнөктөшү, шакирти катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG