Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Индия жандоочту атып түшүрө турган ракета сынады


Индиялыктар Нарендра Модинин түз ободо элге кайрылуусун көрүп жатат. 27-март, 2019-жыл.
Индиялыктар Нарендра Модинин түз ободо элге кайрылуусун көрүп жатат. 27-март, 2019-жыл.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 27-мартта жандоочту атып түшүрүүгө жөндөмдүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялады.

Анын парламенттик шайлоого эки жума калганда жасалган билдирүүсүндө Индиянын чыгышындагы Одиша аймагынан учурулган ракета төмөнкү орбитадагы жандоочту үч мүнөттүн ичинде атып түшүргөнү айтылат.

Моди өз өлкөсү жандооч каршы технологияны иштеп чыккан АКШ, Орусия жана Кытайдан кийин төртүнчү өлкө болуп калганын айтты.

Мындай аракеттер соңку мезгилде космостогу милитаризация жараянын алдын алуу чакырыктарына себеп болду. Февраль айында Кытайдын Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк дерважаларды космосто жарыша куралданууга жол бербөөгө үндөгөн.

Ага чейин АКШнын Коргоо министрлигинин Чалгын агенттиги космос маселесинде Американын потенциалдуу каршылаштары катары Орусия жана Кытайды атап, бул эки өлкө америкалык жандоочторду бутага алууга жөндөмдүү лазерлерди иштеп жатканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG