Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Бишкек жана Москва шаарлары кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-мартта Бишкек мэри Азиз Суракматов Москва өкмөтүнүн министри Сергей Черёмин башында турган делегация менен жолугушту.

Суракматов москвалык делегация менен турак жай, коммуналдык чарба системасын, билим берүү мекемелерин жана Бишкекте транспорт системасын модернизациялоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.

Москва делегациясынын жетекчиси Сергей Черёмин Бишкек мэрин Москвада өтө турган урбанизациялык форумга чакырды.

Жолугушуунун аягында тараптар билим берүү, коммуналдык тейлөө жаатында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Бишкек жана Москва шаарларынын кызматташуу келишимине Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары алкагында кол коюлду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG