Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:48

АФК кубогу: «Дордой» менен «Алтын-Асыр» 3-апрелде Бишкекте ойнойт


«Дордой» футбол клубунун жаңы оюнчулары.

Бишкектин «Дордой» футболдук клубу АФК кубогунун тайпалык баскычындагы алгачкы оюнун Түркмөнстандын чемпиону «Алтын-Асыр» клубу менен Бишкекте өткөрөт.

«Дордой» клубунун басма сөз катчысы Теңгелбес Мусаевдин айтымында, оюн 3-апрелде Дөлөн Өмүрзаков стадионунда кечки саат 20:00дө башталат.

АФК кубогунун тайпалык беттештеринде жалпысынан Азиянын 36 клубу тогуз топко (тайпага) бөлүнүп ойношот. «Дордой» клубу Түркмөнстандын «Алтын-Асыр», Тажикстандын «Истиклол» жана «Хужанд» клубдары менен D тайпасына бөлүнгөн.

Бул баскычта (этапта) командалар ушул жылдын июнь айынын аягына чейин жалпы алтыдан оюн (өз талаасында жана конокто) өткөрөт. Тайпада эң көп упай топтогон команда кийинки баскычка чыгат.

АФК Кубогуна даярдык көрүш үчүн «Дордой» клубу Түркиянын Анталия шаарына эки жумага окуу-машыгууга барып, 25-мартта Бишкекке келди. Түркияга кетер алдында клуб катарын сегиз оюнчу менен толуктаган.

Оюнчулардын төртөө чет өлкөлүк, калганы жергиликтүү футболчулар.

«Дордой» клубу - футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону, Кыргызстандын кубогун 10 жолу алган. АФКнын президентинин кубогун (2006-2007-жылдары) эки жолу жеңген. АФК кубогуна 2015-жылы катыша баштаган. Быйыл төртүнчү ирет ушул кубок үчүн ойнойт. (GT)

XS
SM
MD
LG