Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси, абакта отурган Мурат Суталиновдун аялы Гүлнара Суталинова ушул тапта Кыргызстанда жүргөн Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылды. Суталинова күйөөсүнүн сот иштериндеги маселесине бийликтин көңүлүн буруш үчүн бөтөн мамлекеттин башчысына кайрылып жатканын билдирди. Ал Путинди орган адамы катары Мурат Суталиновдун абалын түшүнөт деп ишеним артып турганын белгилеген.
«Адамгерчилик менен боорукерлик сакталышы керек. Сиз ооруп жаткан офицерге карата шылдыңдоо болуп жатканы боюнча мамилеңизди билдирип койсоңуз», – деп жазылган кайрылууда.
Буга чейин Гүлнара Суталинова президент Сооронбай Жээнбековго да ачык кат жазып, күйөөсүнө карата адилетсиз сот жүрүп жатканын, ал кыйноого кабылганын маалымдаган.
2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. Анын адвокаттары Суталиновду «өсмө (рак) оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө дарыгерлердин сөзүнө таянып, абактан чыгарууну соттон өтүнүшкөн. Былтыр быйыл 15-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Мурат Суталиновду абакта калтырган. (TSh)