Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

«Газпром» компаниясы Кыргызстанга 26,5 млрд. рубль инвестиция салды


Мухаммедкалый Абылгазиев менен Алексей Миллердин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан.
Мухаммедкалый Абылгазиев менен Алексей Миллердин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын «Газпром» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукту.

Өкмөт аппараты кабарлагандай, алар биргелешкен кызматташуунун актуалдуу темаларын, ошондой эле Кыргызстандын газ тармагын мындан ары өнүктүрүү, газ менен камсыз кылуу объектилерин модернизациялоо жана аймактарды газдаштыруу боюнча компаниянын пландарын талкуулашты.

Анда Миллер компания өлкөнүн ички рыногуна кирүүдө беш жыл ичинде 20 млрд. рубль инвестиция салууга милдеттенгенин, ушу күнгө чейин 26,5 млрд. рубль инвестиция жумшаганын айтты. Ал компания Кыргызстанга келген аралыкта өлкөнүн аймактарында тогуз заманбап дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекстер курулганын кошумчалады.

Мухаммедкалый Абылгазиев компания өлкө үчүн ири инвестор катары гана эмес, анын көптөгөн социалдык маселелерин дагы чечип жатканын белгиледи.

2014-жылы Кыргызстандын «Кыргызгаз» ишканасы Оруcиянын «Газпромуна» сатылып, «Газпром-Кыргызстан» түзүлгөн. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG