Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Казакстанда аскердик тик учак кулап, 13 адам каза болду


«Ми-8» тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
«Ми-8» тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда кулаган аскердик тик учактагы 13 адамдын баары каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен кабарлады.

Кырсык 27-мартта, министрликке караштуу аба техникасы Актаудан Шымкентке учуп бараткан жерде болгон. Экипаждын каза тапканын кечээ түнү өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев «Twitter» баракчасында кабарлаган.

Коргоо министрлиги тик учак түнкүсүн жана оор аба ырайындагы мүмкүнчүлүктөрдү текшериш үчүн машыгуудан өтүп жатканын билдирди. Кырсыкты иликтөөчү комиссия түзүлүп, окуя болгон жерде иш алып барууда.

Тик учактын маркасы «Ми-8» деп айтылууда. Казакстандын ички иштер министринин өкүлү «РИА-Новости» маалымат агенттигине билдиргендей, «техника толук күйүп кеткен». (ErN)

XS
SM
MD
LG