Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Кыргызстан менен Орусия 6 млрд. долларлык макулдашууларды түзөт


Кыргызстан менен Орусиянын желектери.
Кыргызстан менен Орусиянын желектери.

Орус президенти Владимир Путиндин Бишкектеги сапарынын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын компанияларынын ортосундагы кол коюла турган инвестициялык жана экспорттук макулдашуулардын суммасы 6 млрд. доллардан ашат. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов Орусиянын экономика министри Максим Орешкин менен ишкердик тамактануудан кийин журналисттерге кабарлады.

Анын айтымында, бул бизнес чөйрөдөгү гана макулдашуулардын суммасы. Өкмөт аралык макулдашууларда суммалар белгиленбейт.

Маалым болгондой, 27-мартта Бишкекте «Страгиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» аттуу кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик конференциясында тараптардын ортосунда 1 млрд. 558 млн. 300 миң долларлык 11 макулдашууга кол коюлду. 28-мартта уланчу жыйында дагы макулдашуулар түзүлөрү айтылууда.

Бул жыйын 28-мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында өтүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG