Республикалык урологиялык борбордун директору, профессор Акылбек Усупбаев коомчулукка кайрылып, анын атын пайдаланган адамдар Интернет айдыңында «крем здоров мом» аттуу дарыларды сатып жатышканын билдирди. Усупбаевдин айтымында, ал дарылар 5 миң сомдон сатылып жатат.
Уролог эч кандай дары сатып же жарнамага тартылбаганын белгилеп, ал дары-дармекти сатып албоого чакырууда. Ошондой эле Акылбек Усупбаев Интернетте жарнамаланып жаткан күмөндүү дарыларды пайдалануу ден соолукка коркунучтуу экенин эскертти. Ал урологиялык ооруларды өз алдынча же Интернеттеги дарылар менен эмес, адистердин көзөмөлү менен айыктыруу зарыл экенин билдирди. (TSh)