Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Жээнбеков менен Путин 17 документке кол койду


Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматташтык боюнча 17 документке кол койду.

Анын негизгилеринин бири Орусиянын бирдиктүү аскер базасы жөнүндө экени айтылды.

2019-жылдын 23-мартында кабыл алынган токтомго ылайык, орус тарап эми бирдиктүү аскердик база үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң доллар төлөйт. Мурда бул сумма 4,5 миллион долларды түзчү. Кошула турган сумма 291 миң доллар болору айкын болду.

Мурдараак Кыргызстан менен Орусиянын президенти 30дай документке кол коеру кабарланып жаткан. (ErN)

Кыргыз-орус президенттери кол койгон документтер
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:29 0:00

XS
SM
MD
LG