Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Абылгазиев Башкырстандын убактылуу башчысы Хабиров менен жолугушту


Радий Хабиров жана Мухаммедкалый Абылгазиев. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Радий Хабиров жана Мухаммедкалый Абылгазиев. 28-март, 2019-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусия Федерациясынын Башкырстан Республикасынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Радий Хабиров менен жолугушту.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн VIII кыргыз-орус аймак аралык конференциясынын, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунун жыйынтыктары талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Радий Хабиров эки жактуу алаканын оң динамикасын белгилешип, сапардын жүрүшүндө кол коюлган республикалардын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдерди натыйжалуу ишке ашырыш үчүн «жол картасын» кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилешти. (ErN)

XS
SM
MD
LG