Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Боксер Орзубек Назаров ИИМди соттон утуп алды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

28-мартта Биринчи май райондук сотунда белгилүү боксер Орзубек Назаровдун кызы жабыркаган жол кырсыгына байланыштуу өкүм чыкты. Ага ылайык, ошол кездеги Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын (азыркы Жол коопсуздугун уюштуруу башкармалыгы) инспектору Улан Султангазиев үч жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Ал эми анын өнөктөшү Шүкүр Умиров толук акталды. Сот ошондой эле Ички иштер министрлигин Орзубек Назаровго материалдык чыгымы үчүн 150 452 сом, ал эми моралдык чыгым үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Орзубек Назаров өзү маалымдап, соттун чечимине макул экенин билдирди.

2017-жылы 19-августта Бишкек шаарында мушкердин 17 жаштагы кызы Аделина мотоциклде айдоочунун артында учкашып баратып кырсыкка кабылган. Катуу ылдамдыкта бараткан мотоцикл алдынан чыккан жеңил машинени капталынан сүзгөн. Мотоциклдин айдоочусу ошол жерден мүрт кетип, анын соккусуна кабылган автоунаанын 23 жаштагы жүргүнчүсү ооруканадан көз жумган. Кыз оор абалда ооруканага түшкөн жана эсине келе албай жатып кийин жакшы болгон.

Ошол кезде шаардык прокуратура Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын эки кызматкерине кылмыш ишин козгоп, патрулдук милиция мотоциклди мыйзамсыз кубалаганын жана ошонун айынан жол кырсыгы болгонун билдирген. Кийинчерээк инспектор Шүкүр Умиров мотоциклди кубалаган автоунаанын ичинде жок экени аныкталган. Орзубек Назаров Ички иштер министрлигине 10 млн. сом доо койгон.

Орзубек Назаров - жеңил салмактагы боксерлор арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG