Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Баткен окуясынын ардагерлери Жеңиш Разаковду каралоого каршы


Жеңиш Разаков.

Баткен согушунун ардагерлери вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду «Тажикстандын тыңчысы» деп каралоону токтотууну талап кылышууда. Бул тууралуу «Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин» төрагасы Канат Бакалов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Жеңиш Разаковду ардагерлер тескерисинче мекенине берилген адам катары таанышат.

- Биз Жеңиш Разаковду Баткен согушунан бери билебиз. Ал тескерисинче Баткендин чек арасын, бардык жерин коен жатагына чейин тааныйт, кыйынчылыктарды билет. Аларды чечүүнүн үстүндө дайыма аракеттенип жүрөт. Губернатор болуп турду, милицияда иштеди. Биз тескерисинче анын ушул кызматта турушун каалабаган күчтөр Разаковду каралап жатат деп түшүнөбүз. Анын ордуна чек араны, маселелерди жакшы билбеген бирөө келгени кимдир-бирөөлөргө жакшы болмок. Эгер Разаков тыңчы болгондо Баткендин көп эле жери Тажикстанга өтүп кетмек, - деди ал.

20-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар «Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына тиешеси бар» деген кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтеп жатканын билдирген.

Жеңиш Разаков өзү бул айың кептерди өзүнүн кызматтык өсүшүн көрө албагандардын чыгарган ушагы катары баалаган. (MdN/ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG