Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Бишкек ШИИБ: Карымшаковдордун үйүнөн көп акча менен курал табылды


Жарандык активист Нурлан Карымшаков менен жубайы Гүлназ Имаева Орусия элчилигинин алдында пикетте. Бишкек. 27-март, 2019-жыл. (Сүрөт Карымшаковдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды).
Жарандык активист Нурлан Карымшаков менен жубайы Гүлназ Имаева Орусия элчилигинин алдында пикетте. Бишкек. 27-март, 2019-жыл. (Сүрөт Карымшаковдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды).

27-мартта Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына пикетке чыккан жубайлар Карымшаковдордун үйүн тинтүү учурунда 17,6 миң доллар жана курал-жарак табылды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, курал-жаракка уруксат кагаздары болгон эмес.

- Соттун санкциясы менен Нурлан Карымшаковдун жашаган жерине тинтүү жүргүзүлгөн учурда кош ооз мылтык, 10 патрон, 1 банка мылтык дарысы жана 17,6 миң доллар табылган. Мындан тышкары, жубайлар Нурлан Карымшаков менен Гүлназ Имаева жакында эле, 21-25-март күндөрү Мексикага барып келишкени, аларда бул өлкөгө 2019-жылдын 30-июлга чейин ачылган виза бар экени аныкталды, - деди ал.

Милиция жубайлар 27-мартта Орусиянын элчилигинин алдына уруксат берилбеген пикетке чыкканы үчүн кармалып, Жаза кодексинин 98-беренеси боюнча убактылуу камоочу жайга камалганын билдирди. Мындан тышкары, алар колдоруна кармап чыккан плакаттарда «улут аралык кастыкты козуткан чакырыктар болгону соттук-лингвистикалык экспертиза тастыктады» деп маалымдады Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы.

Жарандык активист Нурлан Карымшаков 27-мартта, түшкө чейин орус элчилигинин алдына президент Путинге каршы маанайдагы плакаттарды көтөрүп чыкканда Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери аны аялы менен кошо кармап кетишкен. Алардын бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту карашы күтүлүүдө.

Жубайлар Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарын утурлай пикетке чыгышкан. Алар «Путин - агрессор, баскынчы, киши өлтүргүч. Бизге аскердик базанын кереги жок. Торпеданын кереги жок» деген жазуулары бар плакаттар менен чыгышкан.

Орус президенти Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 28-мартта келип кетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG