Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Кыргызстанда Бээжин декларациясынын аткарылышы талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

29-мартта Бишкекте гендерлик маселе, анын ичинде саясатта, коомдо, үй-бүлөдө аялдарга карата мамиленин абалы тууралуу талкуу болот. Иш-чараны «Бириккен Улуттар Уюму - Аялдар» түзүмү Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен чогуу уюштурууда. Тегерек үстөлгө мындан тышкары парламенттин депутаттары, эл аралык жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» «БУУ - Аялдар түзүмү» программасынын коомчулук менен байланыш боюнча адиси Мериза Эмилбекова билдирди.

1995-жылы Кытайдын борбор шаарында аялдардын теңчилиги боюнча дүйнөлүк төртүнчү жыйында Бээжин декларациясы кабыл алынган. Ага Кыргызстан да кол койгон.

Расмий маалымат боюнча, 2019-жылдын 1-январына карата Жогорку Кеңеште айымдар жалпы депутаттардын 16% түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде айымдар – 10%. Мамлекеттик кызматтагы аялдардын орду 42%, муниципалдык кызматта – 37%.

Ал эми саясий мамлекеттик кызмат орундарындагы аялдардын үлүшү 12% түздү, муниципалдык саясий кызмат орундарында бул көрсөткүч 4% барабар. Кыргызстанда 2020-жылга чейин гендердик теңдикке жетүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG