Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:13

Европарламент Косово үчүн жеңилдетилген виза режимин колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.

Европарламент косоволуктар үчүн жеңилдетилген виза режимин колдоду. 28-мартта өткөн добуш берүүдө 331 депутат колдоп, 126сы каршы чыкты. 12 депутат добуш берген жок.

Бул суроо боюнча Европарламент 2018-жылдын сентябрь айында добуш берген. Бирок бул маселе дагы эле Еврокеңеште талаштуу байлон калууда.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Брюсселдеги булактары билдиргендей, Кеңешке парламент менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн мандат берүүгө Франция менен Нидерланд каршы чыгып жатышат. Кеңеш ошондой эле бул маселени ага Румынияга төрагалык кылып жаткан маалда талкуулоону каалаган жок. Румыниянын төрагалыгы июнь айында аяктайт.

Батыш Балкан мамлекеттеринин ичинен Косовонун жарандары гана Евробиримдикке виза менен кире алышат. 2009-жылы Монтенегро, Түндүк Македония жана Сербия мамлекеттерине виза жоюлган, ал эми Албания менен Босния жана Герцеговинанын жарандары 2010-жылдан тарта Евробиримдикке визасыз каттап калышкан.

Европарламент менен Еврокеңеш бул маселе боюнча бир пикирге келишсе, Косовонун жарандары шаркеттин аймагына биометрикалык паспорт менен 90 күнгө визасыз кирип-чыга алышат.

XS
SM
MD
LG