Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:56

Сомалидеги жардырууда кеминде 15 киши курман болду


Автоунаага коюлган бомба жарылгандан кийин. 4-февраль, 2019-жыл.
Автоунаага коюлган бомба жарылгандан кийин. 4-февраль, 2019-жыл.

Жардыруучу түзмөк Баш калаа Могадишонун отелдер жана ресторандар жыш жайгашкан көчөлөрүнүн биринде токтоп турган автоунаага коюлган. Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир топ мойнуна ала элек. Күбөлөрдүн бири мерт болгондордун саны 20га чукул экенин айтты.

- Эне катары айтсам, мындай окуялар жүрөгүмдүн үшүн алчу болду. Жардыруулардын артында тургандарды токтотууга чакырам. Биз күн сайын өлүмдү көрө берип чарчадык, биздин сүйлөөгө дарманыбыз калбады, - деди ал.

Буга чейин бул район бир нече ирет «Аль-Каида» террордук тобуна байланышы бар «Аль-Шабааб» радикал уюмунун бутасына алынган.

«Аль-Шабааб» тобу айыл аймактарынын ири бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Ал Бириккен Улуттар Уюму колдогон өкмөттү кулатууну, Сомалини ашынган ислам өлкөсүнө айлантууну көздөйт.

Сомалиде азыр БУУнун мандаты менен Африка Биримдигинин 20 миңдей аскери турат.

XS
SM
MD
LG