Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:30

Арзан билет саткан «WOW Air» компаниясы банкрот болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Арзан билет саткан «WOW Air» компаниясы банкрот болгонуна байланыштуу бардык каттамдарын токтотту.

Бейшембиде бул компания аркылуу учууга камынган миңден ашуун адам Атлантиканын эки өйүзүнө тең уча албай калышты.

Бюджеттик, арзан билеттери менен таанымал болгон Исландиянын бул аба компаниясын сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөр бейшембинин таңына чейин жүргөн. Бирок инвесторлор компанияны каржылоодон баш тарткан соң каттамдар токтотулган.

«WOW Air» компаниясынын Европанын жана Түндүк Американын аэропортторунда уча албай калган жүргүнчүлөрү башка аба компанияларынын учактарынан орун алууга аракет кылышууда.

2011-жылы негизделген «WOW Air» аба компаниясы Исландиядан трансатлантикалык багыттарга арзан билеттери менен таанымал болгон. Айрым учурларда Атлантика океанынан учуп өтүүчү багыттарга билетти 100 долларга жетпеген акчага алуу мүмкүн эле.

Мындан улам айрым европалык лоукестерлер атаандаштыкка чыдабай жабылууга мажбур болушкан. Алардын ичинде Даниянын «Primera Air» компаниясы былтыр октябрда ишин токтотсо, быйыл февралда немистердин «Germania» компаниясы банкрот болгонун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG