Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Кыргызстан социал- демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып, кызматкерлер аркылуу саясий куугунтук жүргүзбөөгө чакырды.
Ниязов өзүнө жеткен маалыматтарга таянып, ага каршы даттанган Максат Чегирткеевди ИИМдин кызматкерлери өздөрү таап, арыз жазууну сунуш кылышканын билдирди. Ал «Чегирткеевдин маеги айрым сайттарга чыккандан көп узабай эле материал иликтөөгө алынып, анын укугун коргоого тергөөчүлөр дароо киришкени шек туудурганын, бул КСДПга карата куугунтуктун бир бөлүгү экенин» белгилейт.
«Бул «жогору» жактан берилген тапшырма экенине мен толук ишенем. Ошондуктан инцидентти саясий буюртма катары баалоого жана ИИМдин кызматкерлерине аны аткарууга мажбурлады деп эсептөөгө толук укугум бар», - дейт билдирүүсүндө Фарид Ниязов.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы андан ары козголгон иш жөнүндө баяндап, кезинде Саламаттык сактоо министрлиги Чегирткеевге Кытайда операция үчүн 4 млн. сом бөлүп бергенин, операциядан кийин ал айыгып келгенин билдирген. Калган сумманы жабырлануучу акчалай же Орусиянын Сочи шаарында дарылануу үчүн сураганын, комиссия ага Кыргызстанда дарыланууну сунуш кылып, каражатты бөлүүдөн баш тартканын ырастаган. Ал мамлекеттин акчасын казынада сактап калганы үчүн өзүнө айып коюлуп жатканын «абcурд» деп атады.
Мунун алдында Башкы прокуратура Фарид Ниязовго карата жазылган арыздын негизинде ага карата иш ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын кабарлады. Анын артынан Ички иштер министрлиги да билдирүү таратып, ишти тергөөнү өзүнө алганын ырастады.
ИИМ Ниязовдун үстүнөн Максат Чегирткеев аттуу жаран арыз жазганын, ал Фарид Ниязов жетектеген, 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза болгон жарандардын жакындарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия Сочиде дарыланып келүү үчүн 200 миң сом бөлүп бербей койгонуна даттанганын билдирди.
Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» 4-пункту менен катталды. (ErN)