Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

АКШ Орусияны крым татарларын бошотууга чакырды


Орус полициясы крым татарларынын үйлөрүн тинтүүдө. Крым, 27-март, 2019-жыл.

АКШнын Мамлекеттик департаменти аннексияланган Крымда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү катары шек саналган 23 кишинин кармалганын айыптады. Уюмга Орусияда тыюу салынган. Вашингтон Москваны Крым татарларын жана «адилетсиз соттолгон башка украиналыктарды» дароо бошотууга чакырды. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын орун басары Роберт Палладино билдирди. 28-мартта Орусияга баш ийген Симферополдун райондук соту крым татарларынын 23 активистин 15- майга чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Алар исламчыл «Хизб ут-Тахрир» уюмуна катышы бар деп шек саналууда. Украинада уюмдун ишине тыюу салынган эмес.

27-мартта Орусиянын атайын кызматтары, полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери аннексияланган Крым жарым аралынын бир нече районунда крым татарларынын үйүн тинтип, кээ бирлерин кармап кеткен. Рейд террордук топтун ишмердиги боюнча кылмыш ишине байланыштуу жүргүзүлгөн.

Кармалгандар - «Крым тилектештиги» укук коргоо уюмунун активисттери, көбү жарандык журналисттер.

2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялагандан кийин 55 мусулман камалган. «Мемориал» укук коргоо кыймылы көбүн саясий туткун деп тааныган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги эл аралык коомчулукту Крымдагы адам укуктарын бузган көрүнүштөргө реакция билдирүүгө, Москвага каршы санкцияларды күчөтүүгө үндөдү. Еврошаркет да крым татарларынын камалышын айыптады.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG