Венесуэланын башкы көзөмөл органы оппозиция лидери Хуан Гуайдого 15 жыл бою мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу саларын билдирди. Парламент спикери январда Конституцияга таянып өзүн өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялап, анын бийлигин АКШ баштаган бир катар өлкөлөр тааныган.
Венесуэланын башкы аудитору Элвис Аморосо Гуайдонун чыгашалары декларацияда белгиленген акчадан ашарын билдирди. Сөз болгон орган спикердин каршылашы президент Николас Мадурого баш ийет. Гуайдо аудитордун өзү канчалык легитимдүү деген суроо салды.
Венесуэла жыл башынан бери терең саясий кризисти башынан кечирип жатат. Гуайдо өзүн президент деп жарыялаганы менен реалдуу бийлик Мадуронун колунда турат. Мамлекет башчынын легитимдүүлүгүн Орусия, Кытай жана башкалар колдошот. Муну менен катар экономикалык каатчылыктан улам өлкөдө нан, дары-дармек баштаган эң керектүү товарлар тартыш болуп турат. Миллиондогон киши иш издеп башка өлкөлөргө чыгып кеткен.