«Кыргызгидромет» борбору 30-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертет.
30-март күнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14,
Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градус болот.
30-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күлүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° градус болот. (ErN)