Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Сеул: Пхеньян өзөктүк ишмердигин улантууда


Түндүк Корея мурда демонтаждалган ракета полигонун калыбына келтирүүдө жана уранды байытуу ишин улантууда. Бул тууралуу түштүк кореялык парламентарийлер атайын кызматтардын маалыматына таянып ырасташканын «Reuters» агенттиги жазды. Депутаттардын айтымында, Пхеньян Сохэ полигонундагы иштерди аяктап калды. Ал жай былтыр жайында өзөктүк куралдан баш тартуу программасынын алкагында буздурула баштаган.

Сеулдагы саясатчылар кошуна өлкө Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөрдүн туңгуюкка такалганына нааразылык иретинде ракеталык провокацияларга даярданып жатат болушу мүмкүн дешет. Депутаттар Пхеньяндын өзөктүк программасы жарым-жартылай активдүү калууда деп эсептешет.

Өткөн айда Түндүк Корея менен АКШ лидерлеринин экинчи саммити өтүп, бирок жыйынтыксыз аяктаган. Пхеньян өзөктүк программасына кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө даяр эмес болуп чыкса, Вашингтон экономикалык жана саясий санкцияларды жумшартуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG