Европа комиссиясы Румыниянын мыйзам үстөмдүгү принцибинен тайып жатканын сындады жана Антикоррупциялык башкармалыктын мурдагы жетекчиси, прокурор Лаура Көвешиге адилет мамиле кылууга чакырды. Ушу тапта Румыния блоктун ротациялык негиздеги төрагалыгын аркалоодо.
"Румыния өкмөтүн жана бийлигин биримдиктин башкы прокурорун тандоодо кызматташтык принцибин урматтоого үндөйбүз", - деди Еврокомиссиянын басма сөз өкүлү Маргаритис Шинас.
29-мартта Көвеши кызматта турган кезде дайындалган прокурорлорду текшерген атайын түзүлгөн агенттик ага “пассивдүү коррупция, кызматынан кыянат пайдалануу жана жалган көрсөтмө берүү” беренелери боюнча айып такты. Көвешиге 60 күнгө өлкөдөн чыгуусуна жана Башкы прокуратурадагы кызматын аркалоого тыюу салынды.
Көвеши Румыниядан чыга албаса, Евробиримдиктин прокуратурасынын жетекчисин тандоо процессине катышуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калат.
Ал антикоррупциялык башкармалыкты беш жыл жетектеп, былтыр солчул өкмөт тарабынан кызматтан алынган.
Көпчүлүк байкоочулар анын кетирилишин жогорку аткаминерлерге, анын ичинде бийликтеги Социал-демократиялык партиянын лидери Ливиу Драгенага каршы козголгон кылмыш иштери менен байланыштырышат.