Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

ТИМ: Орусия «миграциялык мунапыстын» жол-жоболорун кайра карап чыкты


Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.
Москвадагы мигранттар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия Кыргызстандын жарандарына карата буга чейин жарыяланган «миграциялык мунапыстын» жол-жоболорун кайра карап чыккандыгын кабарлады.

Ага ылайык, Орусиянын аймагындамиграция мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык жарандарга 1-апрелден 22-апрелге чейин Орусиядан чыкпай эле легалдашуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Ал үчүн «миграциялык мунапысты» колдоно турган жарандар Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө ID-карта же чет өлкөлүк паспорту менен келиши керек. Ал жактан миграциялык каттоого алынып, жаңы миграциялык карта берилет.

Ал эми тек-жайын тастыктаган документтери (паспорттору) жоктор Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен же консулдук мекемелеринин биринде (Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток шаарларында) Кыргызстанга кайтуу күбөлүгүн каттатып, Орусиядан 22-апрелге чейин чыгып кетиши керек. Кайра Кыргызстанда таризделген паспорттун негизинде Орусиянын аймагына каалаган убакта кирүүгө болот.

Ал эми Орусиядан сот чечими аркылуу чыгарылгандар же өз алдынча чыгып кетүүгө милдеттендирген сот чечимин аткарбай жүрө берген жарандар тыюу салынган мөөнөтү аяктагандан кийин гана өлкөгө кире алат. Аларга бул «миграциялык мунапыс» колдонулбайт.

Издөөдө жүргөн же орус бийлиги тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылып, бирок өлкөдөн чыкпай жүргөн кыргызстандык мигранттар да «миграциялык мунапыстан» пайдалана албайт. (BTo)

XS
SM
MD
LG