Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:33

ЕЭАБ: вице-премьер-министрлер пенсия маселесин талкуулашты


ЕЭАБге мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин жыйыны.
ЕЭАБге мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин жыйыны.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринде эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору каралганын билдирди.

Өнөр жайды өнүктүрүү, өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү, ЕАЭБ жалпы эмгек рыногун түзүү, ЕАЭБ жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу жана анын шарттары жөнүндө келишимдин долбоору каралды. (BTo)

XS
SM
MD
LG