Украинада саат 11ге карата шайлоого катышууга укуктуу калктын 16 пайызы добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты. Президент Петро Порошенко Киевдеги Офицерлер үйүндөгү шайлоо бекетинде добуш берди. Ал добушканага үй-бүлөсү менен барды.
"Мен Украина үчүн добуш бердим" деген Порошенко бюллетенди үкөккө салгандан кийин шайлоо жакшы уюштурулганына ишенерин жана Украина үчүн чоң мааниси бар реформалар ишке ашмайынча, Киев Евробиримдик менен НАТОго мүчө болууга умтула берерин айтты.
Буга чейин сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча алдыда келатышкан талапкерлер - куудул Владимир Зеленский менен "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко өз добуштарын беришти.
Жалпысынан Украина президенттигине 39 талапкер ат салышып жатат. Өлкө аймагында 30 миңден ашуун шайлоо бекети ачылды. Шайлоо Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жана орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарында өткөрүлгөн жок.
Эгер шайлоонун биринчи айлампасында талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайыздан көбүрөөгүн топтой албаса, добуш берүүнүн экинчи айлампасы өтөт. Ал алдын-ала 21-апрелге белгиленген.