Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Украинада шайлоочулардын 44 пайызы добуш берди

Украинанын баш калаасы Киевдеги добушкана, 31-март, 2019-жыл.
Украинанын баш калаасы Киевдеги добушкана, 31-март, 2019-жыл.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жекшембидеги президенттик шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата шайлоочулардын 44 пайыздан ашыгы добуш беришти. Бул сан беш жыл мурунку шайлоого салыштырмалуу көбүрөөк. 2014-жылкы президенттик шайлоодо бир күн ичинде жалпы шайлоочулардын 60 пайызы гана добуш берген.

Украинанын батыш аймактарына салыштырмалуу борбордук бөлүгүндөгү Днепропетровск облусунда добуш берүүчүлөр жигердүүлүгүн көрсөтүүдө. Алгачкы экзит-поллдордун жыйынтыгы добушканалар кечки саат 20:00дө жабылгандан көп өтпөй жарыяланат.


Өлкөнүн Ички иштер министрлиги добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу баш-аягы 500гө жакын маалымат түшкөнүн билдирди. Алардын арасында мыйзамсыз үгүттөө, бюллетендер менен сүрөткө түшүү сыяктуу эреже бузуулар басымдуулук кылат.

Украинадагы президенттик жарышка катышып жаткан 39 талапкердин ичинен үч адамдын шансы жогору бааланууда. Алар – азыркы президент Петро Порошенко, куудул Владимир Зеленский жана мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко.

XS
SM
MD
LG